Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Путин «Украина ээлеп турган аймактардан чыкмайынча согуш токтобой турганын» айтты


Орусиянын президенти Владимир Путин
Орусиянын президенти Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын куралдуу күчтөрү майданда азыркы позицияларынан чыгып кетмейинче ок атышууну токтотуу мүмкүн эместигин билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн басма сөз жыйында айтты.

Путин Москвага «согушту токтотуу боюнча сунуштар» келип жатат, бирок «Украинанын аскерлери ээлеп турган аймактардан чыкмайынча согуш токтобойт» деди. «Эгер алар чыгып кетпесе, ага куралдуу жол менен жетишебиз», - деди ал.

Путин Женевада АКШ жана Украина делегациялары жүргүзгөн сүйлөшүүлөргө токтолуп, алардын жыйынтыгы «келечектеги тынчтык келишими үчүн негиз болушу мүмкүн» экенин да айтты.

Ал АКШ президенти Дональд Трамп менен август айында Аляскада жолугушкан соң 28 пункттан турган ыктымал тынчтык келишими түзүлгөнүн айтты.

«АКШ биздин айрым позицияларыбызды эске алып жатат, бирок кээ бир маселелерди олуттуу талкуулоо зарыл», - деди Путин. Ал ошондой эле АКШнын делегаттары менен жолугушуу Москвада келерки аптада күтүлүп жатканын кошумчалады.

Трамп сунуштаган "тынчтык планынын" чоо-жайы расмий жарыяланган эмес. "Анын айрым пункттары" делген маалыматты журналисттер жазып чыккан. Жарыяланган текстке караганда, жаңы план Москванын Украина "Донецк, Луганск, Крымдан баш тартуусу керек" деген талаптарын камтыйт.

Ошондой эле Украина НАТОго кирүүдөн баш тартууга жана Батыштын аскерин өз аймагына жайгаштырбоого тийиш.

Зеленский буга чейин аймагынан баш тартуу же армиянын мүмкүнчүлүктөрүн кыскартуу сыяктуу Москва сунуштаган талаптарды кескин четке каккан. Мындай шарттар Украинага жаңы коркунучтарды жаратат деген жүйө келтирген. (AiA)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG