Жапон өкмөтү Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын башчыларынын катышуусунда саммит өткөрүүнү пландап жатат. Жапон басылмаларынын маалыматына караганда, иш-чара ушул жылдын декабрында Токиодо өтүшү мүмкүн.
Бул өлкө менен Борбор Азия мамлекеттери акыркы жыйырма жыл ичинде министрлердин деңгээлинде «Борбор Азия — Жапония» диалогу форматында кызматташып келет. Алдыда өтчү саммит лидерлердин кеңири форматтагы алгачкы жолугушуусу болот.
Жапон маалымат каражаттары жазгандай, Борбор Азия өлкөлөрү Орусия менен тыгыз байланыштарды сактап, акыркы жылдары Кытай менен кызматташтыкты күчөтүүдө. Ушундай шартта Токио бай табигый ресурстарга ээ бул чөлкөм менен байланышты бекемдөөгө кызыкдар.
Жапон өкмөт башчысы Санаэ Такаити күтүлүп жаткан саммитти экономикалык коопсуздукту чыңдап, кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүгү катары карап жатканын басылмалар жазышты.
Аталган саммит 2024-жылдын августунда Казакстанда «Борбор Азия — Жапония» диалогунун 20 жылдыгына карата өтөрү пландалган болчу. Бирок жапон делегациясынын сапары жер титирөө коркунучуна байланыштуу үзгүлтүккө учураган.
Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин өкмөттөрү азырынча саммит тууралуу маалымат тарата элек. (AiA)
Шерине