Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Тажик-ооган чек арасындагы кол салууда Кытайдын үч жараны набыт болду


Тажик-ооган чек арасынын Шамсиддин Шохин районундагы бекети
Тажик-ооган чек арасынын Шамсиддин Шохин районундагы бекети

Тажикстандын тышкы иштер мекемеси тажик-ооган чек арасындагы кол салууда Кытайдын үч жараны набыт болгонун билдирди.

27-ноябрда Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүгө караганда, 26-ноябрга караган түнү Шамсиддин Шохин районундагы алтын казган Shahin SM LLC компаниясынын кызматкерлери турган кеңсеге Ооганстандын аймагынан кол салуу болгон.

Расмий билдирүүдө "кол салгандар ок атуучу курал жана ракета менен жабдылган учкучсуз аппарат пайдаланып, анын кесепетинен Shahin SM LLC компаниясынын үч кызматкери - кытай жарандары набыт болду" деп айтылат.

Коңшу өлкөнүн бийлиги өз аймагына жасалган кол салууну кескин айыптап, Ооганстанды башкарган "Талибан" өкмөтүн чек арадагы коопсуздукту камсыздоо үчүн "натыйжалуу чара көрүүгө" чакырды.

Тажик-ооган чек арасынын картасы
Тажик-ооган чек арасынын картасы

Тажик бийлиги Ооганстан менен чектеш аймактарда "коопсуздукту камсыздап, өз ара достук маанайда кызматташууну түзүүгө болгон ыраатуу аракеттерге карабай ооган тараптан кылмыштуу топтордуң дүрбөлөң салганы тыйылбай жатканын" белгилейт.

2021-жылы “Талибан” бийликке кайтып келгенден тарта 1300 чакырымдык тажик-ооган чек арасындагы кырдаалга байланышкан камтама күчөдү.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG