Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:28

Билим берүү тармагынын ардагери Жеңиш Отунчиев дүйнө салды


Жеңиш Отунчиев
Жеңиш Отунчиев

Кыргызстандын билим берүү тармагынын ардагери, СССРдин эл агартуусунун отличниги Жеңиш Отунчиев 82 жашында акка моюн сунду. Ардагер мугалим 40 жылдан ашык билим берүү тармагында эмгектенген.

Агартуучулук жолун Жумгал районундагы Чаек айылында мектепте физикадан сабак берип баштаган. Андан кийин Нарын, Аламүдүн райондорундагы билим берүү бөлүмдөрүн жетектеген. Бишкектеги №69 мектептин директору болуп турганда 1989-жылы Кыргызстанда алгачкы жолу "балдар бакчасы - мектеп - жогорку окуу жайы" деген инновациялык билим берүү системасын ишке киргизген. Украинанын мамлекеттик педагогика институту иштеп чыккан бул программанын найтыжасы Бишкекте да жемиштүү болгон.

Андан соң кыргыз өкмөтүнүн алдындагы гуманитардык жардамды пайдалануу комиссиясынын улук кызматкери, Кыргызпатенттин алдындагы инновация борборун жетектеген.

Ардагер мугалимдин сөөгү 28-ноябрда Бишкек шаарында жерге берилет.

"Азаттык" маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана окуучуларына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG