Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Камакка алынган мурдагы үч судьянын бири ооруканага түштү


Сания Бранчаева.
Сания Бранчаева.

Өтө оор кылмыштарга шек саналып кармалган Кумарбек Абдыровдун мурдагы ишин караган үч экс-судьянын бири Сания Бранчаева 26-ноябрдын кечинде Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында ден соолугу начарлап, мамлекеттик ооруканалардын бирине жаткырылды. Анын адвокаты Рустам Исаев 72 жаштагы Сания Бранчаева кант диабети (экинчи тип) жана жүрөк оорусу менен ооруй турганын айтты.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-ноябрда мурдагы судьялар Кайсын Абакировду, Жаңыл Мамбеталыны, Сания Бранчаеваны жана прокурор (Д.М.) менен бир адвокатты (С.Ж.) 20-декабрга чейин камакка алган. Аларды Ички иштер министрлиги (ИИМ) 25-ноябрда кармаган.

Министрликтин маалыматына караганда, Кумарбек Абдыров 2015-жылы 21 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен кармалып, Бишкектин Октябрь райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. 2016-жылы экинчи инстанция - Бишкек шаардык сотунун ошол кездеги судьялары Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы жана Сания Бранчаева Жазык-процессуалдык кодексти бузуп, жаза мөөнөтүн жеңилдеткен деген кине коюлду. Жыйынтыгында, Кумарбек Абдыров үч жылдан кийин абактан чыккан.

ИИМ экс-судьялар шектүүнүн жазасын жеңилдетүүдө анын жакындарынан акча алган жана ага прокурор менен адвокат ортомчу болгон деп эсептейт.

Мурдагы судьялар коюлуп жаткан айыпты четке кагып, 2016-жылы чыккан өкүмгө бир да тарап каршы болуп кийинки инстанцияга кайрылбаганын, ишти кароодо жабырлануучу тосмо арыз жазып бергенин айтышкан.

17 жаштагы Айсулуу Мукашева 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ички иштер министрлигинин маалыматында, аны Барскоон айылында 41 жаштагы Кумарбек Абдыров Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, көл жээгиндеги алма бакта, андан кийин Жеңиш айылындагы атасынын үйүндө зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын сыртындагы көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Бишкекке баратып Боом капчыгайына ыргытып жиберген.

Милиция Кумарбек Абдыров бир нече жыл бою кыздарды зордуктап өлтүрүп жүргөнүн, жалпы 7 кылмыш боюнча шек саналып жатканын билдирген. Шектүү 2014-жылдын 16-мартында Бишкек шаарынын четиндеги Байтик айылынан сөөгү табылган Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө да тиешеси бар экенин айткан. Бул иш коомчулукта талкуу жаратып, саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин да аты аталган. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG