Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Сурдлимпиада: Кыргызстандын курама командасы алты медалга ээ болду


Кыргызстандын курама командасы Сурдлимпиаданын жабылыш аземинде. 26-ноябрь, 2025-ж.
Кыргызстандын курама командасы Сурдлимпиаданын жабылыш аземинде. 26-ноябрь, 2025-ж.

Бүгүн, 26-ноябрда Жапониянын Токио шаарында Сурдлимпиада кыймылынын 100 жылдыгына арналган XXV Сурдлимпиада оюндарынын жабылыш аземи болуп өттү.

Быйылкы оюндарга 81 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышып, спорттун 19 түрү боюнча медалдар ойнотулду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, мелдешке Кыргызстандан эркин күрөш, грек-рим күрөшү, таэквондо, дзюдо жана стол тенниси боюнча 18 спортчу катышты.

Таймаштардын жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар жалпы алты медал утту: эки алтын жана төрт коло. Алтын медалды грек-рим күрөшүнөн Смадияр Жумакадыров (-60 кг) жана эркин күрөштөн Адилет Жапаркулов (-74 кг) тагынды. Жумакадаровдун жеңиши Кыргызстан үчүн Сурдлимпиада тарыхындагы алгачкы алтын байге болуп калды.

Ал эми дзюдодон Байсалбек Орозали уулу (-60 кг), грек-рим күрөшүнөн Динмухамед Бигелдиев (-67 кг) менен Нарту Абдрахманов (-97 кг), таэквондодон Азамат Мавлонов (-80 кг) коло байгеге ээ болушту.

Сурдлимпиада оюндары (Deaflympics) - угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн эң ири эл аралык спорттук мелдеш. Ал төрт жылда бир өткөрүлүп, эл аралык олимпиада комитети тарабынан таанылган. Сурдлимпиада кыймылы 1924-жылы Парижде башталып, анын өзгөчөлүгү - оюндардын уюштурулушу жана башкарылышы толугу менен эл аралык дүлөйлөр спорту комитети (ICSD) аркылуу жүргүзүлөт. Мелдештин расмий сайтандагы маалыматка таянсак, Кыргызстандые спортчулары бул оюндарга 2009-жылы Кытай Тайбэйинде өткөн мелдештерден бери катышып келет. Сурдлимпиада кыймылынын 100 жылдык мааракесине арналган Токиодогу оюндар 15-ноябрда башталган. (ECh)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG