Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке болгон мамлекеттик сапарында Орусияга товарларын жеткире албай жаткан кыргызстандык тигүүчүлөрдүн маселеси да талкууланып, көйгөйдү чечүү боюнча тапшырмалар берилди.
Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 26-ноябрда "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып айтты. Так кандай тапшырмалар берилгенин жана маселе канча убакытта чечиле турганын тактаган жок.
Орусияга кийим-кечек жөнөткөн тигүүчүлөр эки-үч айдан бери товарлары орус чек арасынан өтпөй турганын айтып, арызданышкан. Ушундан улам цехтер биринин артынан бири жабылып жатканын билдиришкен.
Сентябрдын башынан тартып Кыргызстандан бараткан жүк ташуучу автоунаалар Казакстан менен Орусиянын чек арасында көпкө кезек күтүп, тыгын узарып жатканы кабарланган. Казакстандык басылмалар сентябрдын аягына келип өткөрмө бекеттерге такалган жүк машинелердин саны 7 миңге жеткенин кабарлашкан. Кийин эки багыт боюнча тыгында калган транспорттордун саны 14 миңге жакындаган. Кезек акыры миңге чейин кыскарды.
Казакстандын Транспорт министрлиги кезектин узарышын Орусия Федерациясы тараптан текшерүүлөрдүн күчөшү менен түшүндүргөн. Орус бажычылары жана чек арачылары жүктөрдүн документтерине, анын ичинде санитардык жана фитосанитардык талаптар боюнча жаңы чараларды киргизгени маалым болгон.
Мындан улам Орусияга түз товар жеткирген жана Wildberries, Ozon сыяктуу маркетплейстер аркылуу кийим-кечек жөнөткөн кыргыз ишкерлеринин жүктөрү ара жолдо калып, же артка кайтып келди. Натыйжада көбү кардарларын жоготуп, азы ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушту.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын текстиль жана тигүү тармагында 200гө жакын ишкана жана дээрлик 3 миң жеке ишкер бар. Аларда 128 миңден ашык адам эмгектенет. Бирок бейрасмий эсептерде бул тармактагы жеке ишкерлердин саны 10 миңден ашары, ал эми тигүү сферасында түз жана кыйыр иштегендердин саны 250 миңден ашары маалымдалат.
2024-жылы текстиль, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана башка булгаары буюмдарын өндүрүүнүн көлөмү 20,5 миллиард сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 15% көбөйгөн. Анын ичинен эң көп үлүшү кийим өндүрүшүнө (85%) жана текстиль өндүрүшүнө (12%) туура келген. (BTo)
Шерине