Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы борбордо Жогорку Кеңешке шайлоодо добуш сатып алуу схемасы аныкталып, бөгөт коюлганын кабарлады. Шаардык милициянын маалыматында тергөөдө добуш сатып алууну уюштурган адам Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкердин (Х.Г.) расмий үгүтчүсү экени такталган. 43 жаштагы адам жана анын 22 жаштагы уулу (Ф.М.) жана Бишкек шаарынын “Восток-5” кичи районунун 64 жаштагы үй комитет башчысы бул ишке тартылганы аныкталган.
Бул факты боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Ноябрдын башында ата бала шайлоодо талапкерге иштөө үчүн келишим түзүп, ар бири 20 миң сомдон алышкан. Ал каражатка 12 шайлоочунун тизмесин түзүп, ар бир добуш үчүн 2000 сомдон тарата башташкан. Үгүтчүнүн батирин тинткенде 80 миң доллар, 116 миң сом, штабдан алынган 29 миң 500 сом, ошондой эле “Восток-5” кичи районунда жашаган шайлоочулардын тизмелери табылган.
Үч адам 25-ноябрда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы айтылды. Бирок кандай жаза берилгени маалымдалган жок. “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесинин биринчи бөлүгү менен күнөөлүү деп табылган адам 50 миң сомдон, 100 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Ушул эле берененин экинчи бөлүгү менен айыптуу деп табылган адам 100 же 200 миң сомго айыпка жыгылып же беш жылга чейин абакка кесилет.
10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Үгүт өнөктүгү 20 күнгө уланып, 29-ноябрда аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкерди каттаган, алардын 276ы эркектер, 191и аялдар.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу кажет же эки аял болсо бири эркек болушу шарт. (BTo)
Шерине