Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Тайландда суу ташкыны 33 адамдын өмүрүн алды


Таиланддын Хат Яй шаарындагы суу ташкындын кесепети. 25-ноябрь, 2025-жыл.
Таиланддын Хат Яй шаарындагы суу ташкындын кесепети. 25-ноябрь, 2025-жыл.

Катуу жаандан улам башталган суу ташкын Тайланддын тогуз провинциясын жана коңшу Малайзиянын сегиз штатын каптады. Эки өлкөдө тең 45 миңге жакын адам эвакуацияланды. Тайландда 33 кишинин өмүрү кыйылды. Индонезияда да ушул аптадагы суу каптоо жана көчкүдөн 13 адам каза болду. Малайзияда бир адамдын өлүмү катталды.

Тайланддын эң көп жабыркаган Хат Яй шаарындагы ооруканада 600 бейтап бар, алардын болжол менен 50сү жандандыруу бөлүмүндө. Оорукананын биринчи кабаты толугу менен суу алдында калган. Учурда ошол жактагы бейтаптарды тик учак менен башка жакка көчүрүү иштери жүрүп жатат. Бул үчүн 20дай тик учак жана 200дөй кайык тартылганын өкмөт билдирди. Расмий маалыматка караганда, селден 980 миңдей турак жайга зыян келтирилип, 2,7 миллион киши жабыркады.

Метеорологдор катуу жаан-чачын уланарын эскертип жатышат.

Тайланддын аба ырайы кызматы шаршемби күнү түштүктөгү бир нече провинцияда, анын ичинде Сонгкхлада катуу жаан-чачын күтүлөрүн эскертти.

Окумуштуулар климаттын ысышы Түштүк-Чыгыш Азияда бороон-чапкындарды жана нөшөрдү күчөтүп жатканын эскертишет.

Буга чейин Вьетнамда жүзгө жакын кишинин өмүрү кыйылганы кабарланган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG