24-ноябрда "Азаттыкка" Бангладештин 20дан ашык жараны кайрылды.
Алардын айтымында, соңку үч айдан бери айлыгы тийбей, иш берүүчү ишке чыкпаган ар бир күн үчүн 2 миң сомдон айлыгынан кемитип, моралдык-психологиялык басым көрсөткөн.
Тигүү цехинин ээси паспортторун алып койгондуктан, башка жерден иш таап кете албай же Бангладешке кайта албай жатканына даттанышты.
Үч айдан бери үйүнө акча жөнөтө албай, нан менен суу ичип отурганын айткан чет элдиктер кыргыз бийлигинен укугун коргоп берүүнү өтүнүштү.
Аларга иш берген цехтин кожоюну Улан Суеркулов соңку кезде тигүү тармагында иш токтогону үчүн айлык берүүдө маселеси жаралганын моюнга алды. Бирок буга чейин чейин айлык төлөп келгенин жана мыйзам бузбаганын билдирди.
Окуяга байланыштуу милиция маалымат бере элек.
Айлыгын ала албай ара жолдо калганын айткан Пакистан жана Бангладештин жарандарынын кайрылуулары буга чейин да социалдык тармактарда тараган.
2025-жылдын 1-январынан тартып чет элдик жаран же анын жумуш берүүчүсү квота жана эмгек визасын алуу үчүн дароо эле “Электрондук виза" (www.evisa.e-gov.kg) порталы аркылуу “Бирдиктүү уруксатты” алууга кайрыла алат. Документти карап чыгуу мөөнөтү жети күнгө чейин кыскарган. Чакыруучу тарап чет өлкөлүк жарандын Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу жүрүүсүн камсыздоо максатында кепилдик үчүн акча төлөйт. Виза же уруксат кагазынан баш тартылган учурда акча кайтарылбайт.
Өкмөттүн маалыматында, 2024-жылы чет элдик эмгек мигранттардын эмгек квотасы 25 миңге жеткен. Анын 63% өнөр жай, курулуш жана транспорт тармагына берилген. Тоо-кен тармагы менен соода, тейлөө жана ишкердикке 13-14% туура келет.
Эмгек мигранттарына бөлүнгөн квотадан тышкары, студенттик жана ишкердик визалар менен жүргөндөр миңдеп саналат. (KS)
Шерине