Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

ЖККУнун Бишкек саммитинен улам шаардагы мектептер, окуу жайлар онлайн окууга өтөт


ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн желектери.
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн желектери.

Бишкектеги Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитине карата 25-27-ноябрь күндөрү айрым көчөлөргө чектөө киргизилип, маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады. Ошондой эле жолдогу тыгынды болтурбоо максатында мектептер жана окуу жайлар онлайн окутууга өтөрүн маалымдады.

"Транспорттук басымды азайтуу максатында мектептер менен жогорку окуу жайлар убактылуу онлайн окутууга өткөрүлөт. ИИМ жарандарды мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда чектөө киргизилген жол жээктерине машиналарын калтырбоого, зарыл болбосо оор жүк ташуучу машиналар менен жолго чыкпай турууга жана жол кыймылын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат. Киргизилип жаткан чектөөлөргө байланыштуу каттамдарды алдын ала пландап алууну суранабыз. Чектөөлөр кортежтердин өткөн маалда гана киргизилет", - деп жазылган ИИМ тараткан маалыматта.

Буга чейин дагы ири эл аралык саммит, жолугушуулар өткөн маалда шаардагы айрым жолдор убактылуу жабылып, мектептер, окуу жайларга онлайн окууга өтүп келген жана бул коомчулукта талкуу дагы жаратып жүргөн.

Бишкек шаардык мэриясы бул саммитке жана 30-ноябрдагы шайлоого байланыштуу онлайн окуу 25-ноябрда башталып, 1-декабрга чейин созуларын тактады.

Буга чейин ЖККУнун саммитине Орусиянын президенти Владимир Путин дагы келери кабарланган.

Бул уюмга Кыргызстандан сырткары Казакстан, Тажикстан, Орусия жана Беларус мүчө. Армения 2024-жылдан тарта мүчөлүгүн токтоткон.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG