Жалал-Абад облусуна караштуу Манас шаарында 19-ноябрга караган түндөгү калайман мушташка байланыштуу 22 адам соттун чечими менен бир айга камалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмү кабарлады.
"19-ноябрга караган түнкү саат 01:00 чамасында Спутник кичи районунда 15-20дай топ бала бири-бирине таш ыргытып, урушуп жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, тиешелүү матерталдар чогултулуп, видеоматериалдар алынган. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("бейбаштык") менен кылмыш иши козголгон. Мушташка катышкан 23 баланын тек-жайы такталган. Учурда алардын 22си шаардык соттун чечими менен бир айга камакка алынды. Бир жаран ооруканада дарыланууда, анын жоопкерчилиги ооруканадан чыккандан кийин каралат",-деп жазылган маалыматта.
Шаардык милиция калайман мушташ эмнеден улам чыкканын тактаган жок. Кармалгандардын жактоочулары жана жакындары комментарий берген эмес.
Шерине