Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев дрондордун соккусунан Шатура мамлекеттик райондук электр станциясында өрт чыкканын кабарлады.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төрт көмөк чордон өрттөнгөнүн билдирди. Москвада жана Москва облусунда жарык өчүрүлдүбү, жокпу кабарланган жок. Телеграм каналдар өрт тууралуу видеолорду жарыялап жатышат.
Буга чейин Москванын мэри Сергей Собянин шаарды көздөй келаткан үч дрон атып түшүрүлгөнүн билдирген.
Ленин атындагы Шатура электр жана жылуулук станциясы 1500 МВт кубаттуулукта. Орусиядагы биринчи электр станциялардын бири, ал аркылуу Москва облусу электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздалат.
Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембиге караган түнү Украинанын 75 дрону атып түшүрүлүп же кармалганын кабарлады.
Украина Орусиянын тынымсыз чабуулдарына жооп иретинде орус армиясынын каржы булактары делген мунай заводдорун, кампаларын бутага алып келет.
23-ноябрга караган түнү Орусиянын армиясы Украинага 98 дрон менен чабуул койду, анын 69у атып түшүрүлгөнүн украин армиясы билдирди.
Днепрде Орусиянын дрону көп кабаттуу үйдүн жанында жарылып, 15 киши жараат алды.
Никополь жана Синельниковск райондору да соккуга кабылды. Куткаруучулар билдиргендей, ал жакта беш киши жараат алды, анын экөө 14, 16 жаштагы балдар.
22-ноябрдын кечинде Орусиянын армиясы Запорожьедеги эл жашаган районго дрондор менен сокку урганда алты киши жараат алган. Анда дрон турак жайга жакын жайгашкан дүкөндүн алдына түшкөн.
Москва Украинага кол салган 2022-жылдын февралынан бери миңдеген карапайым украиндердин өмүрү кыйылды.
Шерине