Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:20

22-ноябрь: Чуулгандуу видеодон кийинки тинтүү жана кармоо


Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алды. 23-ноябрь, 2025-жыл
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алды. 23-ноябрь, 2025-жыл

22-ноябрда Бишкекте кармалган бир нече саясий активисттин бөгөт чарасы сотто каралды. "Башаламандык уюштурууну көздөгөн" деген шек менен парламенттин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов, Социал-демократтардын лидери Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев 2026-жылдын 17-январына чейин камалды.

Бөгөт чарасын кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жетиден ашык киши жеткирилген. Алдын ала маалыматка караганда 12 адам кармалган, экөө Казакстандын жараны.

22-ноябрда кармалгандардын бөгөт чарасын кароо учурунда соттун имаратына журналисттер киргизилбей, мекеменин дарбазасы жабык турду.

23-ноябрь, Бишкек
23-ноябрь, Бишкек

Буга чейин кармалгандарга таандык делген курал-жарак жана таңгакталган акча Темирлан Султанбековдун үйүнөн чыккан эмес деген маалыматты анын апасы Кыял Токторбаева Фейсбук баракчасы аркылуу жасаган кайрылуусунда билдирди. Ал кармалгандар бири-бирин тааныбай турганын белгилеген.

Токторбаева Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт, маалыматтар чындыкка дал келбесин айткан. Ал муну шайлоо алдындагы чагым жана манипуляция катары баалады.

"Ички иштер министрлиги тараткан сүрөттөрдөгү курал-жарак жана таңгак акча биздин үйдөн чыккан эмес. Кайдан алышканын билбейм. Бул өздөрү айткандай, шайлоонун шайтан оюндары. Ошентип түшүнгүлө. Биз милициянын астында отурдук. Толтура кишилерди машине менен жеткирип жатышты. Кармалгандар арасында саясатчылар да бар экен. Балким Темирлан бир-экөөнү тааныйт чыгаар. Бирок булар бири-бири менен байланышта болгон эмес. ИИМдин шайлоонун алдында бул кылганы туура эмес. Былтыр шайлоого үч күн калганда Социал-демократтарды, Темирланды шайлоодон четтетишкен. Алар тараткан эки сааттык видео экен, баарын толук чыгарышсын. Манипуляцияны токтотушсун", - деди Токторбаева.

Токторбаева 30-октябрда өтүүчү шайлоого Бишкектин №12 Свердлов округдан талапкер катары аттанган. Ал 48 саатка камалган уулу Темирлан Султанбеков жана Кадырбек Атамбаев, Эрмек Эрматов шайлоодо атайын ишенимдүү өкүлдөрү болгонун, мындай ишке эч качан барышпай турганына токтолгон.

Ички иштер министрлиги кечээ, 22-ноябрда "Массалык башаламандыкка чакырган" деген негизде 27 жаштагы Темирлан Султанбеков мекемеге жеткирилгенин билдирген жана анын үч киши бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган видеосу социалдык тармактарга жайылтылган.

ИИМ өлкөдө 30-ноябрдагы парламенттик шайлоодон кийин "жапырт башаламандык уюштурууну көздөгөн топтун" аракетине бөгөт коюлганын 22-ноябрда кечинде билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, топтун арасында саясий ишмерлер, мурдагы депутаттар, мурдагы мамлекеттик, күч кызматкерлери бар жана алар чагым, күч колдонулган кагылышууларды уюштуруу максатында өз тарапкерлерин, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топторду, спортчуларды катарына тартышкан.

"Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өлкөнүн түштүгүнөн баштап Бишкекке жана облустарга чейин жапырт нааразылык көрүнүшүн жаратып, өлкө аймагында митингдерди пландашкан. Алардын планында Конституцияга каршы чакырыктар жана ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарак жана абак жайларын ээлеп алуу ыктымалдыгы болгон. Топтун ичинде так иерархия жана ролдордун бөлүштүрүлүшү болгон. «Координациялык топтор» саясий талаптарды коюуга тийиш болсо, кылмыштуу түзүмдөр күч колдонуу жагын камсыздамак. Айрымдары келечектеги кызмат орундарын алдын ала ич ара бөлүштүрүп алышкан", - деп билдирди ИИМ.

Кармалгандар, ИИМдин маалыматына караганда, 1963-жылы туулган А.У., 1998-жылкы С.Т., 1979-жылкы А.Ш., 1983-жылкы Э.Э., 1984-жылкы М.Д., 1986- жылы туулган Ш.Т., 1993-жылкы А.К., 1993-жылкы А.у.Э , 1993-жылы туулган К.Н. жана 1970-жылкы К.К.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (Зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б менен коштолгон массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, баары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар өлчөмүндөгү акча, тополоңду каржылоо боюнча документтер, иш пландары жана баңги каражаттар алынды. Учурда кылмыш ишинин алкагында топтун башка катышуучуларын жана анын ишмердүүлүгүн каржылагандарды аныктоо боюнча бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп кошумчалады мекеме.

48 саатка камакка алынгандардын арасында Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов бар экени белгилүү болгон.

Алардан тышкары, ИИМдин соңку маалыматы менен кошо жарыяланган сүрөттөрдөн кармалгандар арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров, Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев, саясатчы Урмат Барктабасов, Султанбековдун айдоочусу Эрмек Эрматов аттуу жаран бар экенин көрүүгө болот.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров суракка кирип чыкканы тууралуу маалымат анын Телеграм каналына жарыяланган.

ИИМ суракка чакырган жарандардын сүрөтү, 22-ноябрь, 2025-жыл
ИИМ суракка чакырган жарандардын сүрөтү, 22-ноябрь, 2025-жыл

Каржы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев да суракта болгону, Атамбаев түптөп, каржылаган "Апрель" телеканалынын мурдагы директору Дмитрий Ложниковдун аялынын үйүндө тинтүү жүргөнү маалымдалган.

ИИМдин чуулгандуу видеосу

"Массалык башаламандыкка чакырган" деген негизде 27 жаштагы С.Т. аттуу жаран Ички иштер министрлигине (ИИМ) жеткирилгенин 22-ноябрда эртең менен аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди жана үч киши бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган видеону таратты.

Видеодон "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековду көрүүгө болот жана анын аты-жөнү, жаш курагы ИИМдин жарыялаган маалыматы менен дал келет.

"Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине 1998-жылы туулган С.Т. массалык башаламандык аркылуу бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде (Массалык башаламандыктар) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Келип түшкөн маалыматтын негизинде зарыл болгон процессуалдык иш-чаралар уюштурулду. Жаран С.Т.нын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Шектүү мыйзамда каралган андан аркы аракеттерди көрүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Тергөө уланууда", - деп айтылды ИИМдин маалыматында.

Чакан бөлмөдө тасмал жайылган столдун бетинде үч киши сүйлөшүп отурганы тартылган видеонун сүрөттөмөсүнө ИИМ С.Т.нын жанындагылардын бирин "белгисиз жаран" деп, экинчисин "Султанбековдун айдоочусу Эрмек Эрматов" деп белгилеп көрсөткөн.

Белгисиз жаран катары белгиленген улгайган курактагы киши Султанбеков деп көрсөтүлгөн кишиге "Мындан ары эмне болот, сен кандай дейсиң?", "Кимиси жакшы иштеп жатат, Ташиевби же президент Жапаровбу?", "Бийликке биз келсек мага бир нерсе, жумуш бересиңерби?" деген суроолорду улам тактап, узатып жатканын көрүүгө болот.

Видеодо Темирлан Султанбеков деп белгиленген жаран ага жооп берип, "ашып кетсе үч жылда баары алмашышы керек, бирок андан да тезирээк болот деп үмүттөнөм", "бийликтин алмашуусу болот, бийлик ошого алып баратат" деп, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков тууралуу да сөз кылып, ал Москвада Федералдык коопсуздук кызматынын кайтаруусунда экенин, аны Орусия Кыргызстанга өткөрүп бербей, "президенттикке запас вариант катары" кармап турганы "буларды" ачуулантып жатканын да айтууда.

Азырынча бул видео тууралуу Султанбековдун жактоочулары же жакындары комментарий бере элек.

Видео жарыяланган соң бийликтин жактоочулары Султанбеков баш болгон мурдагы президенттин жактоочулары өлкөдөгү туруктуулукка шек келтирүүгө аракет кылган деп сындап жатышат.

Ушул эле күнү кечинде Султанбеков 48 саатка камакка алынган.

Тинтүү жана кармоо тууралуу билдирүүлөр

22-ноябрда Темирлан Султанбековдон башка бир нече саясатчынын, активисттин үйүндө тинтүү болгону маалымдалды.

Оппозиционер саясатчы, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров 22-ноябрда суракта болду. Ал сурактан чакканы тууралуу гана кыска маалымат Телеграм каналына жарыяланды, кайсы мекемеде болгону айтылган жок.

Мадумаровду жана анын жакындарын күч кызматкерлери алып кеткенден бери каерде экени белгисиз болуп жатканы айтылган.

Саясатчынын Телеграм каналында ушул эле күнү болжол менен эртең мененки саат 07:00 чамасында укук коргоо органдары Мадумаровдун жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүшкөнү, сейф, камера, ноутбук, компьютер, уюлдук телефондор жана башка жеке буюмдар алынганы тууралуу маалымат чыккан.

"Тинтүү процесси саат 12:00дө аяктап, Адахан Мадумаровду укук коргоо кызматкерлери белгисиз тарапка алып кетишкен. Ушул эле күнү, болжол менен саат 15:00дө, укук коргоо органдары Мадумаровдун уулу Нурмухаммед Мадумаровду жана анын жубайын да белгисиз тарапка алып кетишкен. Азыркы учурда Мадумаров жана анын үй-бүлө мүчөлөрү кайда экени жана алардын укуктук макамы боюнча расмий маалымат берилген жок", - деп жазылган маалыматта.

22-ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева жана кенже уулу Кадырбек Атамбаев да суракта экени кабарланды. Бул тууралуу мамлекет башчынын кызы Алия Шагиева соцтармактагы баракчасына жарыялады. Анын айтымында, эртең менен күч кызматкерлери алардын үйүндө тинтүү жүргүзүп, апасын жана агасын суракка алып кеткен. Шагиева “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун карындашы Каныкей Султанбекова да суракта экенин кошумчалады.

Соңку маалымат боюнча, Кадырбек Атамбаев 48 саатка милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Бишкектеги үйүндө тинтүү жүрүп жатканы тууралуу соцтармактарга видео жарыялап, кийин ал видео өчүрүлдү. Ички иштер министрлиги Атазов боюнча маалыматты ырастап, тинтүү аяктаганын, кошумча маалымат берилерин билдирди. Бажыда ири коррупциялык схема түзгөнүн сотто мойнуна алган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун башкы тарапкерлеринин бири катары таанылган Атазов быйылкы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкер катары катоодон баш тарткан. Буга укук коргоо органдарынын ал уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адам катары 2024-жылдан бери каттоодо турган деген маалыматы себеп болгон. Атазов өз дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып келет.

Кечке маал Атазовдун Фейсбук баракчасына ал 48 саатка камалганы, кошумча маалымат адвокатынан алынгандан кийин жарыяланары тууралуу билдирүү чыкты.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Кадыров да бул күнү үйүнө милиция кызматкерлери барганын айтып, бийликке Фейсбуктагы видеосу аркылуу кайрылды. Эч кайда качпай турганын, чакыруу кагазы берилсе милицияга барууга даяр экенин айтты. Кадыров 2022-жылдын октябрында кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирип кармалган 27 саясатчынын бири болгон. Ал 2023‑жылдын апрель айында үй камагына чыккан. Кадыров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы катары белгилүү.

22-ноябрда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына мурдагы Каржы полициясы мекемесинин башчысы Сыймык Жапыкеев да жеткирилгенин айрым маалымат каражаттары жазышты. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып күч кызматкерлери Кажы-Сайдан Бишкекке суракка алып келишкенин, себеби эмнеде экенин билбей турганын айтты.

Ушул эле күнү үйүндө күч кызматкерлери тинтүү жүргүзгөнүн Атамбаев түптөп, каржылаган "Апрель" телеканалынын мурдагы директору Дмитрий Ложников айтып чыкты. Ал мурдагы аялынын үйү тинтилип, балдарынын оюнчуктарына чейин текшерүү жүрүп жатканын Фейсбукка жазды.

Ложников Социал-демократтар партиясынын лидери Султанбеков жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев менен кандайдыр бир иши же байланышы жок экенин да белгиледи. Ал ошондой эле бир жылдан ашык убакыт мурун алардын телефон номурларын кара тизмеге киргизгенин жана төңкөрүш же чакырыктар менен эмес, журналистика менен гана алектенерин жазды. Быйыл 18-августта "Апрелдин" жетекчилиги бул медиа соттун чечимине ылайык жабылганын жарыялаган.

"Төңкөрүштү түшүңөрдө гана көрөсүңөр"

Соңку апталарда учурда Испанияда экени айтылган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, андан соң Орусияда экени сөз болгон экс-премьер Сапар Исаков соцмедиа аркылуу өлкөдөгү энергетикалык кризис жана башка маселелер боюнча билдирүүлөрдү жасашкан.

Бул билдирүүлөр боюнча бийлик түз жооп бербегени менен президент Садыр Жапаров алдыдагы шайлоону шылтоо кылып, туруктуулукка шек келтирүүчү топтор бар экенин, аларды байкап турганын айткан. Ошону менен катар ал азыркы бийлик төңкөрүшкө жол бербей турганын эскерткен:

"Ушул көйгөйлөрдү тоодой кылып көрсөтүп, элди козутуп, “шайлоодо бир нерсе болуп кетсе экен” деген жаман ойлуу топтор бар. Ал эмне болгон топтор? Арасында ири коррупциялык иштерге аралашып, ачылган кылмыш иштеринин негизинде камалып, уурдалган ири суммадагы каражат же объектилерди мамлекеттик бюджетке өткөрүп бергендер, биз бийликке келгенден кийин көмүскө схемаларын талкалап, алардын чөнтөгүнө кетип жаткан каражаттарды мамлекеттик казынага буруп, өздөрү кызматынан кол жуугандар. Айтор, жеке кызыкчылыгы үчүн таарынгандар, ызасын ичине каткандар десек болот. Төңкөрүшкө жол берилбейт. Мындан ары төңкөрүштү түшүңөрдө гана көрөсүңөр".

Султанбековдун саясаттагы жолу

Темирлан Султанбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин негизги колдоочуларынын бири, анын партиясынын активдүү мүчөсү, кийин лидери болуп таанылган. Ал 1998-жылы Балыкчы шаарында аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө туулган. Саясатка эртелеп аралашып, Социал-демократтар партиясынын мүчөлүгүнө 18 жашында кабыл алынган, эки жылдан кийин саясий кеңешинин президиумуна шайланган. Кыргызстандын социал-демократтарынын Орусиядагы расмий өкүлү болгон.

2020-жылы жыйынтыгы кийин жокко чыгарылган парламенттик шайлоого өз партиясы менен катышып, тизмедеги алгачкы он талапкердин бири болгон. Шайлоодон кийинки окуяларга байланыштуу “жапырт башаламандык уюштуруу жана мамлекеттик төңкөрүш аракети” деген шек менен кармалып, көп өтпөй үй камагына кое берилген. Прокуратура Султанбековду тогуз жылга эркиндигинен ажыратууну сунуш кылган, сот 2022-жылы июнь айында анын ишин карап, актаган өкүм чыгарган.

2021-жылдын февраль айында Атамбаевдин сунушу менен Султанбековду партиялаштары жаңы төрага кылып шайлашкан. 2022-жылы ал Социнтерн (Социалисттик Интернационал) эл аралык бирикмесинин Мадридде өткөн съездинде анын вице-президенти болуп шайланган.

Султанбеков жана партиялаштары Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер 2024-жылы 17-ноябрдагы жергиликтүү депутаттарды шайлоого үч күн калганда “Добуш сатып алуу” беренеси боюнча кармалып, Социал-демократтар партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон четтетилген. Үчөө тең быйыл 24-апрелде беш ай камакта отургандан кийин үч жылга соттолуп, абактан пробациялык көзөмөл шарты менен чыгышкан. Ал эми мурдагы депутат Ирина Карамушкинанын өкүмү өткөн айда Кой-Таш иши боюнча өзгөртүлүп, ал жалпы сегиз жылга эркиндигинен ажыратылды.

Абакта жаткан учурда Султанбеков 100 күнгө жакын ачкачылык кармаганын, бул иш саясий куугунтук экенин айтып келген. Бийлик социал-демократтар мыйзам бузганы үчүн камалганын билдирип, ишти саясатташтырбоого чакырган.

Соңку учурда Темирлан Султанбеков билдирүүлөрдү жасап, бийликтин дарегине сын-пикирлерди жасап жаткан.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG