Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Чүйдөгү мушташта жабыркаган айдоочунун абалы орто оор экени айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Константиновка айылынын жанындагы кытайлык жана кыргыз айдоочулары аралашкан мушташта жабыркаган Бишкектин тургунунун абалы орто оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекемеден билдиришкендей, айдоочу болуп иштеген 20 жаштагы бейтапка "баш сөөгү жана мээсинен жаракат алган, мээси чайкалган, баштын артындагы шишик, оң манжасы чоюлган" деген диагноз коюлган. Мындан сырткары бутунан жаракат алган.

15-ноябрда “Чайна-Роуд” жана “Чжунзцы” компанияларынын айдоочулары Константиновка айылынын четиндеги карьерден кум-шагыл ташуу маалында жол талашып, жаңжал чыкканы аныкталган.

Жаракат алгандардын бири - 2005-жылы туулган К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну ооруканага кайрылган. Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы мушташ боюнча Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча иш козгоп, 44 адам милицияга жеткирилген. Анын 16сы убактылуу кармоочу жайга камалганы кабарланган. Окуядан кийин соцтармактарда кытайлыктарга каршы маанай күчөп, укук коргоо органдары жарандарды чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырган.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков коомчулукта “кытай жарандары көбөйүп кетти” деген пикирге жооп берип, өлкөдө курулуш иштерине Кытайдан жумушчу катары келгендер бар экенин айткан. Элди чагымга алдырбоого үндөгөн, мушташка укуктук баа берилерин билдирген.

Бул окуядан кийин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да “Кабар” улуттук агенттигине комментарий берип, Кыргызстанда соңку учурда иштеп жаткан кытайлыктар мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк экенин, алар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан сыяктуу ири долбоорлордо иштеп жатышканын маалымдаган.

Тышкы иштер министрлиги Кытай жарандарына берилчү визанын талаптары тууралуу 16-ноябрда маалымат берип, алардын Кыргызстандын аймагына кирүүсү жана бул жакта жүргөнү, чыгышы визанын негизинде жөнгө салынарын белгилеген.

ТИМдин, министрдин жана Орунбековдун билдирүүлөрүндө Кыргызстанда азыр иштеп жаткан кытайлыктардын саны канча экени так айтылган эмес. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG