Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Бишкек” эркин экономикалык аймагында чет өлкөлүк 12 жаран мыйзамсыз иштеп жүргөнү аныкталганын билдирди. Чет элдиктер Кыргызстанга туристтик виза менен келип, мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзгөнү такталган.
Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузгандыгы” беренеси менен 66 миң сом айып пул салынды.
Чет өлкөлүк жумуш күчүн мыйзамсыз тарткан юридикалык жактар 65 миң сом айыпка жыгылды.
Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 21-майда мыйзамсыз миграцияга байланыштуу жыйын өткөрүп, анда өлкөдө 5 миңдей мигрант тиешелүү документтери, уруксаты жок жүргөнүн айткан.
Кийин УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн бир нече мигранттарды аныктаган. (BTo)
Шерине