Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:40

Трамп Сириянын президенти Аш-Шараа менен жолукту


Трамп менен Аш-Шараа Ак үйдө
Трамп менен Аш-Шараа Ак үйдө

10-ноябрда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Ак үйдө Сириянын утурумдук президенти Ахмед Аш-Шарааны кабыл алды. Reuters агенттиги жазгандай, Аш-Шараанын Ак үйгө келиши башка чет элдик лидерлерди тосуп алганга караганда жупунураак болду. Сириянын утурумдук башчысы Ак үйдүн негизги эшигинен эмес, капталындагы каалгасынан кирген. Жолугушуу бүткөн соң президенттер медиа үчүн эч кандай комментарий беришкен жок. Бул Аш-Шараанын болгон алгачкы расмий сапары болду.

42 жаштагы Аш-Шараа өткөн жылы өзүнүн "Хайят Тахрир аш-Шам" уюму баш болгон козголоңчулардын чагылгандай тездик менен жасаган чабуулунун жыйынтыгында Башар Асадды бийликтен кулаткан соң өлкө башына келген.

АКШ буга чейин Ахмед Аш-Шарааны "эл аралык террорчулардын" тизмесинен чыгарган.

Дональд Трамп менен Ахмед Аш-Шараанын жолугушуусунда коопсуздук маселелери негизги тема болоору ацтылган. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Вашингтон Дамаскиде аскер базасын түзүү планын да караштырып жатат.

Жолугушууда Сириянын АКШ жетектеген "Ислам мамлекети" тобуна каршы коалицияга кошулушу тууралуу жарыяланары күтүлүп жатканы айтылган.

Трамп жолугушууга чейин “Сирия боюнча чоң жылыштар бар” деп айтып, Аш-Шарааны “мүнөзү катаал, бирок өз ишин жакшы аткарып жаткан лидер” деп сыпаттады.

Өткөн жылы Трамп Сирияга каршы санкцияларды алып салуу ниетин билдирген. Бирок алардын айрымдары Конгресстин макулдугу менен гана алынышы мүмкүн.

Аш-Шараа санкцияларды толук жокко чыгарууну өтүнүп жатат. Анын жүйөсүнө караганда, бул кадам Сирия экономикасын жандандырып, 14 жылдык согуштан кыйраган өлкөнү калыбына келтирүүгө жардам берет.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG