Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Айрым тажик банктары Орусияга акча которууга чектөө киргизди


Тажикстандагы банктын кире бериши. Иллюстрациялык сүрөт.
Тажикстандагы банктын кире бериши. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын бир нече банкы ноябрдын башынан тарта Орусияга акча которууга чектөө киргизе баштады. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Буга Тажикстандагы үч коммерциялык банктын Евробиримдиктин Орусияга каршы киргизген санкцияларына кабылганы түрткү болду.

Шаркет кабыл алган санкциялардын 19-айлампасына Душанбедеги "Спитамен Банк", "Душанбе Сити банк" жана "Коммерцбанк" кабылган. Мындан соң Тажикстандагы башка банктар дагы Орусияга байланыштуу каржы операцияларына этият мамиле кыла башташты.

Маселен, Инвестициялык-кредиттик банк (МКБ) Орусиянын банктарына акча которууларды убактылуу токтотконун билдирди. Расмий түрдө бул чектөөлөр “техникалык” себептерден деп айтылса дагы банк өкүлдөрү Евробиримдиктин санкцияларынын таасири бар экенин моюнга алышкан.

Тажикстандын Улуттук банкы жана Тышкы иштер министрлиги кырдаалды көзөмөлгө алып, санкциялардын терс таасирин азайтуу боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кеңешип жатышканын билдиришти.

Евробиримдиктин ушул эле "кара тизмесине" Казакстандагы ВТБ банкынын филиалы, ошондой эле Кыргызстандагы “Толубай” жана “Евразиялык сактык банктары” да кирген.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG