Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ысык-Көлдөн 2025-жылдын башынан 9-ноябрга чейин 106 миң 700 метр тор чыгарылып, тазаланганын билдирди.
Акыркы жылдары Ысык-Көлдү таштандыдан, мыйзамсыз балык кармоо үчүн салынган торлордон тазалоо иштери жүрүп жатат.
1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.
“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.
Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет. (BTo)
Шерине