“Клооптун” мурдагы операторлору беш жылга кесилди
17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Клооптун” мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылдан абакка кести. Медианын кызматкерлерине журналист Болот Темировго көмөктөшкөнү үчүн кылмыш иши козголгон. Орусиянын армиясы түн ичинде Украинанын темир жол инфраструктурасына сокку урду. Ал арада курман болгон миңдеген украиналык аскерлердин тек жайын аныктоо аракети уланууда. Орусияда ар кандай миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн көзөмөлдөөчү реестрге кирген Кыргызстандын 123 миңден ашык жараны "кара тизмеден" чыкты. Тизмеде дагы 72 миңдей кыргызстандык дале кала берүүдө.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 01, 2025Шайлоо - 2025: Талапкер Абакиров айткан 460 миң сомдун изи кайда?
-
Ноябрь 30, 2025Шайлоо-2025: Элдин күткөнү эмне?
-
Ноябрь 28, 2025"Таза аба издесең айылга бар". Бишкек ыштан арылабы?
-
Ноябрь 27, 2025Лукашенко кыргыз бийлиги менен Бакиев тууралуу сүйлөшөбү?
-
Ноябрь 26, 2025Украина: Майданда кырдаал оор, сүйлөшүүлөр уланууда
-
Ноябрь 25, 2025Путинди Бишкекке кимдер коштоп келди?
Шерине