"Свобода" радиосу Орусиянын президенти Владимир Путин бир жылдык жазгы аскердик чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койгонун жазды. Маалыматка караганда, аскерге чакыруу 1-апрелден 15-июлга чейин созулат. Бул аралыкта аскерге 150 миң адамды кабыл алуу пландалып жатат.
1-январда күчүнө кирген жаңы эрежеге ылайык, армияга 18 жаштан 30 жашка чейинки курактагы жарандар чакырылат. Буга чейин аскерге чакыруу курагынын жогорку чеги 27 жаш менен чектелчү. 2023-жылдын декабрынын аягына чейин 27ге толгон орусиялыктар аскерге алынбайт.
Орусиянын Башкы штабы буга чейин аскерге милдеттүүлөр Украинадагы согушка тартылбай турганын билдирген.
Расмий маалыматтар боюнча, буга чейинки күзгү чакырууда 130 миң адам армияга чакырылган.