Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:21
Украина кезектеги соккудан кийин.
Украина кезектеги соккудан кийин.

Украина: Орусиянын чабуулу уланды, Покровск боюнча маалымат берилди

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

14:29 26.11.2025

Украин лидери Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен болушунча тезирээк жолугушуп, ал сунуштаган тынчтык планына кол коюуга даяр экенин Axios медиасына курган маегинде украин президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак билдирди .

Ермактын айтымында, жолугушуу 27-ноябрда, АКШда Ыраазычылык билдирүү күнү белгиленип жатканда өтүшү мүмкүн.

Белгилүү болгондой, Трамп Ак үйдүн Украинадагы согушту токтотууга байланыштуу сунуштаган планы боюнча украин лидеринин жообун угууга 27-ноябрга чейин убакыт берген болчу.

АКШнын планы Украинанын кызыкчылыктарына дал келерин айткан Ермак Зеленский менен Трамптын сүйлөшүүсүндөгү талкуулана турган башкы маселе - айрым аймактардын кимге таандык болушу керектиги жөнүндө.

Вашингтон украиндер менен сүйлөшүүдө "кылдаттыкты талап кылган айрым деталдар" бар экенин билдирүүдө.

Трамп өзү Орусия менен Украина мунасага жакындап калышканын айтты.

"Макулдашууга абдан жакындап калдык деп ойлойм. Көрөбүз го. Бул жаңжалга тезирээк чекит коюлат деген ойдомун", — деди Трамп.

Европа өлкөлөрү Украина боюнча АКШ сунуштаган тынчтык планына карама-каршы өз долбоорун даярдашкан. Эки документте аймактарды таануу, Украинанын НАТОго кошулуусу, аскерлердин жана коопсуздук кепилдиктери сыяктуу бир катар пункттар боюнча олуттуу айырмачылыктар бар экени маалымдалган.

Бирок Украинанын европалык өнөктөштөрүнүн талкуусуна активдүү катышкан Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармердин соңку билдирүүсүнө караганда, Зеленский аталган өлкөлөрдүн лидерлери менен видео аркылуу сүйлөштү жана Трамптын планындагы пункттардын көпчүлүгүнө макул болгонун билдирди.

Парламентте сүйлөп жатып Стармер Украинанын европалык союздаштары өзүнчө план түзбөй турганын, АКШнын планына кошумча-алымча киргизүү менен алек болууну чечкенин айтты.

"Азыркы текст боюнча эле иштей беришибиз керек деген так консенсус табылды. Мейли, анын айрым бөлүмдөрү кабыл алынгыс болсун, бирок башка бөлүмдөрү өтө маанилүү болууда. Биз пландын башка эмес, ушул тексти боюнча иштейбиз", — деди Стармер.

13:41 25.11.2025

Орусиянын армиясы шейшембиге караган түнү Украинанын борбору Киев шаарына жапырт чабуул жасады. Анда кеминде алты адам набыт болуп, дагы ондон ашыгы жараат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар кызматы кабарлады.

Шаардын мэри Виталий Кличко жараат алгандардын арасында бир бала бар экенин билдирди.

Печерск районунда соккудан 22 кабаттуу үйдүн 5-8-кабаттары жабыркады. Учурда урандыларды тазалоо жана куткаруу иштери уланып жатат.

Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко Телеграм каналына "Орусия атайлап жарандык инфраструктураны, турак жайларды бутага алып жатканын" жазып, аны "террор" деп сыпаттады.

Маалыматтарга караганда, Киевдин кеминде жети районунда жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.

Орусия бул сокку тууралуу комментарий бере элек.

17:20 24.11.2025

Орус күчтөрү 23-ноябрдын кечинде Харьков облусунун аймагына дрон менен жапырт чабуул койду. Облустун аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун айтымында, төрт адам мерт кетти. Жабыркаган 13 кишинин арасында эки бала бар.

Харьков шаарынын мэри Игорь Тереховдун маалыматына караганда, жалпы 17 адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы түнкү чабуул маалында Чугуев районундагы Москалевка айылындагы агрардык ишкананын аймагында өрт чыкканын маалымдады.

Чернигов шаарында дрон жеке секторго кулап түшкөн. Шаар башчысы Дмитрий Брижинскийдин айтымында, эки үйдө өрт тутанып, эки адам жабыркаган.

24-ноябрга караган түнү орус армиясы Украинага жалпысынан 162 дрон менен чабуул койду.

Таңкы саат 9:00гө карата алардын 125ин абадан коргонуу күчтөрү атып түшүргөнүн Украина Куралдуу күчтөрү билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги бир гана аскердик жайларды бутага аларын билдирип, жарандык инфраструктураларга жасалган соккулар тууралуу маалыматтарды ар кандай далилдерге карабастан четке кагып келет.

13:58 24.11.2025

РБК-Украина: АКШ жана Украина сүйлөшүүдө Вашингтондун согуштун бүтүшүнө байланыштуу талаштуу планындагы нормаларды жөндөй алышты

Басылма бул тууралуу ишенимдүү булактарына таянып жазды.

Айтылган нормалардын ичинде аскерлердин саны, туткундарды жана абактагыларды алмашуу, ЗАЭС жөнүндө сүйлөшүүлөр болгон.

Ошол эле маалда тараптар Украинанын аймактарын жана анын НАТОго өтпөшүн өлкөнүн Баш мыйзамына киргизүүнү караган пункттарды "кашага алып" президенттердин деңгээлинде сүйлөшүүнү макулдашкан.

АКШнын жана Украинанын расмийлери ушул жумада украин президенти Владимир Зеленскийдин сапарын уюштурууну көздөп турушат. Буга чейин бул тууралуу эки тараптагы көптөгөн анонимдүү булактарга таянып, америкалык CBS телекомпаниясы кабарлаган.




Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG