Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:16

Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды


Узарбек Жылкыбаев.
Узарбек Жылкыбаев.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматына КСДП фракциясынан депутат Узарбек Жылкыбаев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Бүгүн, 17-мартта аны жамаат менен биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев тааныштырмакчы.

Облусту 2016-жылдын январынан тартып жетектеп келаткан  Аскат Акибаев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын 16-мартта жазып, ага өкмөт башчы кол койгон.  

Ал эми Узарбек Жылкыбаевден кийин социал-демократтардан депутаттыкка тизме боюнча президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов турат. (NT)

 

XS
SM
MD
LG