Жыл сайын элден чогулган салык эсебинен парламентке 800 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт. Жогорку маяна, кызматтык унаа, үй жана башка ыңгайлуу шарттарга карабай, депутаттар эмне үчүн сессияларга катышпайт?
Берүүнү Ютубдан көрүүнү каалагандар ушул шилтемени басса болот.
Ар бир депутат маянадан тышкары, ай сайын автоунаасынын майына 10 жарым миң сом, тетиктерине 2000 сом, аймактарга чыкканы үчүн 4500 сом стипендия, кагаз-дептерге 2000 сом жана телефондук байланышка 2500 сом кошумча каражат алат. Ар бир депутатка ай сайын өлкө ичиндеги сапарларга 7 миң сомдон, жылына бир жолу чет өлкө сапарга 60 миң сомдон акча бөлүнөт.
Депутаттарга салынган 11 кабат үйдө жалаң эле алардын туугандары, айдоочу же жардамчылары жашайт дегенге болбойт. Негизи бул батирлер Бишкекте үйү жок, аймактан келген эл өкүлдөрүнө арналган.
Сессияларга катышпаган мандат ээлери да четтен чыгат. Алар бизнесинен колу бошобойбу, айтор алардын ордуна кесиптештери добуш берген учурлар бар. Кээде залда болгону 30 эл өкүлү отурса, каттоодон өткөн депутаттын саны жүздөн ашканын көрүп эле жүрсөңүз керек.
-
Уланбек Эгизбаев
Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген «ЖЭБ: 386 млн. доллар кайда короду?», «Бажыдагы уурулук», «Темир жолдогу жемкорлук», «Музейге сарпталган миллиондор», «Мансаптуулардын жер бизнеси», «Саясатташкан мумия» өңдүү ондогон курч видеоиликтөөлөрү менен таанылган.
2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган. Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.