Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:17

Узаков: “Таблиг-жамаат” уюмунун мүчөлөрү 12 миңге жетти


Мамлекеттик дин комиссиясынын түштүк бөлүмүнүн башчысы  Курбаналы  Узаков  учурда  өлкөдө  мүчөлөрүнүн  саны 12 миңге жеткен  “Таблиг-жамаат” диний уюмунун катарында 20-25 жаштагы  адамдар бар экенин билдирди. Анын айтымында, алардын башчылары Пакистан жана Индия мамлекетинен билим алышкан молдолор. Алар өздөрүн “исламды үгүттөөчүлөр,же дааватчылар” деп аташат. Аталган уюм менен бирге ишмердүүлүгүн жүргүзүп келаткан “ Нурчулар”, “ Сулайманчылар”,”Акрамия”, Ахмадиййа”, “ Салафиййа” аттуу уюмдарга да Казакстан,Тажикстан,Өзбекстан мамлекеттери сыяктуу  тыюу салуу керек. Анткени, бул уюмдар  да ислам мамлекетин курууга багытталган уюмдар экендигин көп жылдык  байкоолор ырастоодо,- деп билдирди ал (YA)

 

XS
SM
MD
LG