- Мага жеткен маалыматтар боюнча учак таза эле болчу, кырсык учкучтун катасынан болгон деген жыйынтыкты алып чыккан жатышыптыр кызыкдар тараптар. Ошондуктан бул маселе аябай кооптуу болуп, мени абдан ойлондуруп турат. Авиация маселесин бул тармакты 10 жылдан бери жетектеген адамдардын бардыгын алмаштырмайын, тармак адам ыйлай турган абалда кала берет.
Ошондой эле депутат Б.Наргозуев жыл башынан бери авиация тармагындагы кемчиликтерди, туура эмес иштерди айта баштагандан бери, ал мурда жетектеген “Эсен-Эйр” авиа компаниясына кысым болуп келатканын, Жарандык авиация департаментинин жетекчилери акыры компаниянын лицензиясын да тартып алышкандыгын билдирди.
Ал эми Жарандык авиация департаментинин директору Алик Аскаров депутат Бегалы Наргозуевдин айыптоолорун куру доомат, жеке өзүнүн маселесин чечүүгө болгон далалат деп эсептейт. Анын пикиринде, жогорудагыдай айыптоолорду жалгыз Бегалы Наргозуев көтөрүп чыгып жатат:
- Бегалы Наргозуев -бул адам иликтөө иштерине ар кандай жолдор менен бут тосуп, иликтөөнүн туура эмес жүрүшүнө кызыкдар. Анткени ал “Эсен-эйр” авиакомпаниясынын ээси болуп саналат. Анын компаниясынын ишмердүүлүгү техникалык себептер боюнча токтотулган. Компаниянын эки учагы бар. Ошондуктан, анын учактары кайра учуп баштоосу үчүн ушул сыяктуу сөздөрдү айтып атат. Кыргызстандагы башка учактардын бардыгы дүйнөлүк техникалык нормаларга жооп берет.
Андан тышкары Алик Аскаров, Кыргызстандагы авиакомпаниялардын учактарынын Европа үстүнөн учууга тыюу салынуусуна техникалык себептердин тиешеси жок экендигин, ага экологиялык жана башка себептер түрткү болгонун билдирди. “Мындай сөздөрдү да депутат Б.Наргозуев айтууда”,- дейт ал. Б.Наргозуев болсо Кыргызстандын учактарынын Европада кара тизмеге киришине так ошол Авиация тармагынын жетекчилери күнөөлүү экендигин айтууда.
Ал арада кырсыктан курман болгондордун ичинен он жарандын өздүгү такталууда. Аман калып, ооруканага түшкөндөрү улам четинен бутуна туруп, азыркы тапта Бишкек шаардык номур төртүнчү ооруканада экөө калды. Оорукананын жетекчиси Сабырбек Жумабеков мындай дейт:
- Бүгүнкү күнгө чейин төртөө калды эле. Жаныш, Байыш Адиевдер үйүнө чыгып кетишти. Келип-кетип дарыланышат. Беляев менен Бактыяр Кадыров калды. Экөөнүн абалы орто, стабилдүү. Акыл эсинде эле жатышат.